Жалал-Абадда "Улуттук оппозициялык кыймылдын" 10- апрелде Бишкекте өтөөрү күтүлгөн митингди колдоо комитети түзүлдү. Анын курамы 7 кишиден турарын комитеттин мүчөсү Дөөлөт Эргешов бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, митингди колдоо комитети облустун шаар-район, айыл-кыштактарында УОКтун митингине коюла турган талаптардын маани-маңызын элге түшүндүрүүдө. (YA)