Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди


Бүгүн ЖК жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамына кирген кызмат адамдары ант берди. Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын мындан аркы жооптуу ишине ийгилик каалады.

Кыргызстандын өкмөтү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган мурдагы өкмөт 18-мартта парламенттеги көпчүлүк коалициянын бузулганына байланыштуу ишин токтоткон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG