Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

“Жаштар өкмөтү” эртеңки митингде тартипке көзөмөл кылат


Бул тууралуу “Жаштар өкмөтүнүн” жетекчиси Максат Кунакунов бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, 10-апрелде Бишкекте боло турган оппозициянын жыйынында талап-тоноочулук жана ар кандай чагымдын алдын алуу үчүн атайын элдик кошуун түзүлөт. Ага үч миң ыктыярчы мүчө болмокчу.

Максат Кунакуновдун айтуусунда, элдик кошуундун түзүлүшү жана объекттерди кайтаруу маселеси ИИМ менен макулдашыла элек. Маалыматка ылайык, ыктыярчылар жашыл түстөгү баш кийим кийип, колдоруна жашыл чүпүрөк байланат. Алар “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнү баш болгон соода борборлорун жана башка имараттарды алыстан кайтарууга алышмакчы.

"Улуттук оппозициялык кыймыл" 10-апрелде Бишкек шаарында митинг өткөрөрүн кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG