Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Көк чай эс-тутумду жакшыртат


Көк чай, Ооганстан.
Көк чай, Ооганстан.
Мындай тыянакка швейцариялык окумуштуулар келди. Базель университетинин илимпоздору бир нече тажрыйбадан кийин көк чай когнитивдик функцияларга, айрыкча эс-тутумга оң таасир берээрин аныкташты. Бул ачылыштын жардамы менен окумуштуулар когнитивидик жана психологиялык ооруларды жана деменц оорусун айыктырууга болоорун кабарлашты. Профессорлор Кристоф Беглиңгер жана Штефан Боргвардт билдиргендей, көк чай мээдеги нерв жипчелеринин ортосундагы байланышты жакшыртат. Базелдик окумуштуулардын бул ачылышы "Психофармакология" журналында жарык көрдү. (BAz)

XS
SM
MD
LG