Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Дешица Орусияны чагымды токтотууга чакырды


Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дешица Москваны “Украинанын чыгыш аймактарында орусиялык атайын агенттердин чагымчыл аракеттерин токтотууга" үндөдү.

12-апрелде орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшкөн кезде Дешица андай аракеттер Женева сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратууну максат кылат деди. Украинадагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча төрт тараптуу жолугушууну 17-апрелде Женевада өткөрүү пландалууда. Ага АКШ, Орусия, Украина жана Евробиримдиктин өкүлдөрү катышмакчы.

XS
SM
MD
LG