Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Турчинов Украина түзүлүшү боюнча референдумга каршы эмес


Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов өлкөнүн түзүлүшү боюнча референдум өткөрүүгө каршы эмес. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде телеберүүдө сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, референдумду 25-майга белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү мүмкүн. Турчинов көпчүлүк украиналыктар өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн жактайт деп ишенерин да кошумчалады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров референдум жөнүндө кенен маалымат берүүгө чакырды.

Украинанын чыгышында өкмөттүк имараттарды басып алган москвачыл жикчилердин негизги талаптарынын бири - региондордун укугун кеңейтүү боюнча референдум өткөрүү.

XS
SM
MD
LG