Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Алайда жылан чыккан мектепте окуу убактылуу токтоду


Алайдын Биринчи Май айылындагы Орозов атындагы мектепте жылан чыкканына байланыштуу окуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү мектептин аймагынан 30ка жакын жылан чыгып, окуучулар жана мугалимдердин өмүрүнө коркунуч туулган. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз адистерин айылга жөнөттү. Учурда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу аракети көрүлүүдө.

Аталган мектепте 144 окуучу билим алат. (BkA)

XS
SM
MD
LG