Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Орус-грузин сүйлөшүүсү өтүп жатат


Прагада Орусия менен Грузиянын ортосундагы сүйлөшүүнүн алтынчы айлампасы өтүүдө. Сүйлөшүүнүн максаты орток мамилелерди нормалдаштыруу болуп саналат. Грузиянын тышкы иштер министри Мая Панжикидзе Тбилисиде кабарчыларга билдиргендей, анда жикчил Түштүк Осетия менен административдик чектин жанында кармалган үч грузин журналисти тууралуу да сөз болмоку. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин менен Грузиянын өкмөт башчысынын Орусия боюнча өкүлү Зураб Абашидзенин сүйлөшүүсү 4-5-март күндөрү өтмөк, бирок эки ирет кийинкиге калтырылган.

Экөөнүн алгачкы жолугушуусу 2012-жылы Женевада башталган. Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазия менен Түштүк Осетияны Орусия 2008-жылдагы согуштан кийин тааныган соң Тбилиси Москва менен дипломатиялык байланыштан баш тарткан эле.

XS
SM
MD
LG