Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

“Жаштар өкмөтүнүн” курултайы башталды


Бишкекте “Жаштар өкмөтү” уюмунун курултайы башталды. Анын төрагасы Максат Кунакуновдун билдиришинче, курултайды Спорт сарайында өткөрүү пландалган, бирок бүгүн имарат жетекчилиги баш тарткандыктан иш-чара сыртта өтүп жатат.

Окуяга күбө болуп жаткан “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, курултайга 1000ге жакын адам катышууда. Коопсуздукка милиция көз салып жатат.

Уюштуруучулар президенттик башкаруу системасына кайтуу, саясий элитаны алмаштыруу, курултай институтун ишке киргизүү сыяктуу маселелерди кароодо. (BkA/KE)

XS
SM
MD
LG