Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Түндүк менен түштүктү байланыштырчу жаңы жол курулушу башталды


Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштыра турган жаңы унаа жолдун курулушунун 1-фазасы Жумгал районунун Арал жана Кызыл-Жылдыз айыл аймактарында башталды. Бул тууралуу унаа жана байланыш министри Калыкбек Султанов билдирди. Анын айтымында, аталган жол 2018-жылдын соңунда пайдаланууга берилет:

- Түндүк менен түштүктү байланыштырган Жалал-Абад – Балыкчы жолунун курулушу башталды. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. Бул жол бүтсө азыркы Төө-Ашуу менен өткөн жолдон 330 чакырымга кыска болот. Курулуш кытайлык Эксим банктын 400 млн доллар каражатына жүргүзүлөт. Калган 455 млн доллар боюнча эл аралык донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Адистердин айтымында, 115 чакырым гана жол жаңы курулат, калган бөлүгү эски жолдордун ордуна түшүрүлөт. Жол Көк-Арт ашуусундагы 3,7 чакырым узундуктагы тешме тоо аркылуу өтөт.

Азыр өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган бир гана жол бар. Ал Бишкек - Ош жолу. Ага альтернатива жолун куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG