Ошко Өзбекстандан кайрадан газ ала баштоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө Орусиянын “Газпром” ишканасы да катышууда.
Дүйшөмбүдөн тарта Ош шаарына Өзбекстандан газ келбей калган. Буга газ келишиминин мөөнөтү аяктаганы себеп болгон. 10-апрелде "Кыргызгазды" Орусиянын "Газпромуна" сатуу боюнча келишимге кол коюлган болчу. (BkA)