Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Түштүк Судандагы кол салуудан 50дөн көп адам өлдү


Түштүк Суданда Бириккен улуттар уюмунун базасына жасалган чабуулда ал жерде баш калкалаган ондогон качкындар өлдү. Маалымдалганга караганда, 17-апрелде 350гө жакын жаш адамдар Бор шаарындагы базанын дарбазасын бузуп кирип, ок жаадырышкан.

БУУнун Түштүк Судандагы мартабалуу өкүлү Тоби Ланзердин билдиришинче, кол салуудан 47 адам өлүп, 100дөн ашык адам жарадар болду. БУУнун тынчтык күчтөрү аткылашуу кезде каршы тараптан 10 адамды катардан чыгарды. Былтыр декабрда Түштүк Судандын президенти Салва Киир жана Риек Машардын тарапкерлери арасында башталган куралдуу жаңжалдан бери 1 миллиондон ашуун адам там-жайын таштап, качкын болду. Миңдеген адамдардын каны төгүлдү.

Түштүк Судан 2011-жылы Судандан узакка созулган кандуу калабадан кийин бөлүнүп чыккан.

XS
SM
MD
LG