Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Кыргызстанда Ленинди эскеришти


“Кыргызстан коммунисттик партиясынын” жана “Кыргызстан коммунисттери” партиясынын мүчөлөрү Бишкекте Владимир Лениндин туулган күнүн белгилешти. Эски аянттагы Лениндин эстелигинин жанында 50гө жакын киши чогулуп, советтик жолбашчынын өмүр жолун, эмгектерин эскеришти.

Алар Лениндин, 1917-жылдагы Октябрь төңкөрүшү жана Компартиянын Кыргызстандын мамлекет болуп түптөлүшүндөгү орду тууралуу да сөз кылышканын “Азаттыкка” “Кыргызстан коммунисттик партиясынын” лидери Клара Ажибекова билдирди.

Ушундай эле эскерүү Жалал-Абад шаарында да болду. Отуздай адам Лениндин Токтогул көчөсүндөгү жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы эки эстелигине гүл коюшту.

Cоветтер Cоюзунун коммунисттик партиясынын жана эл аралык коммунисттик кыймылдын жолбашчысы, Cовет мамлекетинин негиздөөчүсү Владимир Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде туулган. 1924-жылы каза болгон.

Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда анын эстеликтери сакталып калган. Район жана облус борборлорундагы негизги көчөлөр Лениндин атын алып жүрөт. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG