Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Китеп палатасы мыкты китептерди атады


Мамлекеттик китеп палатасы “Китеп искусствосу” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Китеп палатасы тараткан маалыматка караганда калыстар тобу быйылкы баш байгени “Кут бер” басмаканасынан чыккан булгаары тыштуу “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигине ыйгарды. Мындан тышкары “Кыргызстан – көчмөндөрдүн жери” (В. Кадыров, Л.Дядюченко), “Шабдан баатыр” (К.Иманалиев), “Замандаш” (С.Эралиев), “Эпидемиология” (И. Тойчиев, В. Тойгонбаев), “Жеткинчек” (А.Жооданбеков, Р. Абдыкулова) аттуу китептер мыкты деп табылды.

Китептер “Алтын мукаба”, “Өнөр”, “Мурас”, “Замандаш”, “Илим”, “Чеберчилик”, “Жеткинчек” номинациялары боюнча тандалды. Жеңүүчүлөргө “Китепстан” көргөзмө-жарманкесине арналган салтанатта 10 миңден 20 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Китеп жарманкеси китеп жана автордук укуктун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Ачык асман алдында өткөн жарманкеге менчик жана мамлекеттик басмаканалар менен кошо жеке авторлор чыгарган ар кыл китептер коюлду.

XS
SM
MD
LG