Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Украина жикчилерге каршы жаңы аскердик операцияга камданууда


Украин өкмөтү өлкөнүн чыгышында жергиликтүү саясатчынын өлүмүнө байланыштуу орусиячыл жикчилерга каршы жаңы аскерий операцияга камданууда. Биринчи вице-премьер Виталий Яреманын айтымында, расмий Киев Украинанын чыгышында "ондогон шаарлардагы өкмөттүк имараттарды ээлеп турган жикчилерге каршы операциянын активдүү фазасын баштоого даяр".

Ал арада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ал жактагы орустарга "коркунуч жаралса, Орусия жооп кайтарарын" билдирди.

Украинанын ички иштер министрлиги "Батькивщина" партиясынын өкүлү Владимир Рыбак уурдалып, кийин өлтүрүлгөнүн бүгүн тастыктады.

XS
SM
MD
LG