Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Ооганстандагы суу ташкында 42 адам өлдү


Түндүк жана батыш Ооганстанда 25-апрелге караган түнү болгон селде 100дөн ашык адам жоголду. Жаузжан провинциясындагы Шибарган шаарында топон суудан 16 адам набыт болду. Кош Тепа, Дарзаб жана Кожа Ду Кух райондорунда ондогон адамдар дарексиз жок. Жаузжан провинциясынын орун басар губернатору Абдул Рахман Махмудинин билдиришинче, Дарзаб районунда тогуз кыштак селден кыйрады. Суу каптаган аймактарда элди куткарууга тик учарлар жардамдашууда. Миңдеген адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул Жуазжан провинциясында акыркы 30 жылда болгон эң кубатуу суу ташкын экени айтылууда.

Селден Бадгиз жана Герат провинцияларында бери дегенде 8 киши өлдү, ондогон адамдар жок.

XS
SM
MD
LG