Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Каримованын "чоорчулары" эфирге чыкпай калды


Өзбек ырчысы Нилюфар Усманова
Өзбек ырчысы Нилюфар Усманова

Өзбекстанда апрелден тарта бир нече артисттерге карата өкмөттүк теле жана радио каналдардын эшиктери жабылды.

Өзбек эл артисти Мурод Ражабов, ырчы Нилюфар Усманова, “Шахзод” тобунун солисти Рашид Халиков, “Зарба” тобу аткарган музыкалык чыгармалар радио жана телеэфирлерден кетпей калды. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн айтымында, бул ырчылар Гүлнара Каримованын “сүймөнчүктөрү” эле.

Өзбек шоу-бизнесинин атын айткысы келбеген өкүлү “Озодлик” радиосуна маалымдагандай, телерадиокомпанияларга жогору жактан ырчылардын “кара тизмеси” келип түшкөн:

- Алар үчүн бардык эфирлер жабык. Бардык теле жана радиокомпанияларга атайын буйрук келип түшкөн. Азыр бир дагы ободо алардын изи дагы жок. Сайттарда гана калды. Сайттар бизде маанилүү маалымат каражаттарына кирбейт. Керек болсо “Тарона рекордс” компаниясы өзүнүн “Узбегим таронаси” радиосунда Нилюфардын ырларын угузбай калды.

“Узбекнаво” эстрадалык бирикмесинин өкүлү беш ырчыга жана бир топко тыюу салынганын тастыктап, буйрук оозеки түрдө келгенин айтты:

- Бул “Узбекнавонун” чечими эмес. Бизге “өйдө жактан” атайын тизме келди. Тизмедеги ырчылардын чыгармаларын эфирден кетире албайбыз. Себебин бизге түшүндүрүшкөн жок. Болгону буйрукту аткарып жатабыз.

“Азаттыктын” өзбек кызматына шоу-бизнес өкүлдөрү “кара тизмедегилер” өз кезинде учурда үй камакта делген президенттин кызы Гүлнара Каримованын сүйүктүү ырчылары жана актерлору болгонун айтышты.

Өзбекстандын эл артисти, 65 жаштагы Мурод Ражабов “Азаттык” радиосу менен болгон маегинде “кара тизме” жөнүндө кабары бар экенин, бирок жазуу түрүндөгү эч кандай буйрук көрбөгөнүн билдирди.

- Мен бул тууралуу уккам. Бирок эч ким бизге так маалымат айткан жок. Сөздөр бар. Мындай нерселерди эми жарыялашпайт да. Жөн гана “эфирге чыгарбаш керек” деп коюшат. Бизге эч кандай түшүндүрмө беришпейт, - деген Мурод Ражабов бул тизмедегилер акыркы мезгилде Гүлнара Каримованын “сүймөнчүктөрү” болуп келишкен деген сөздөргө кошулат.

Өткөн айда Мурод Ражабов “Мукими” музыкалык-драма театрынын жетекчиси кызматынан бошотулган. Эми Эл артистине кинодон дагы роль тийиши кыйынга турушу мүмкүн.

Таанымал ырчы Юлдуз Усманованын кызы Нилюфар Усманованын администратору бул жөнүндө укпаганын билдирди. Башка артисттер менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал эми тизмедеги актер Алишер Узаков бул окуядан мурда эле кинодон кетээрин айткан. Ырчы, актер жана режиссер, 30 жаштагы Алишер Узаков дагы акыркы мезгилде Гүлнара Каримова өткөргөн бардык иш-чараларга үзбөй катышып жүргөн.

2012-жылы Каримова өткөргөн М&ТVA конкурсунда Алишер Узаков “Эң мыкты актер” деген наам алган, ал тарткан “Менин атам бойдок” тасмасы ошол эле сынакта “Эң мыкты тасма” аталган. Алишер жүздөгөн кинолордо башкы ролдорду ойногон. Узаков эми кинодон кетип, “Истиклол” футболук клубунда чабуулчу болуп ойноодо.

Нилюфар Усманова дагы Гүлнара Каримованын бардык иш-чараларына калбай катышып келген. Акыркы мезгилде “жылдыз” илдетине чалдыккан Нилюфардын кара тизмеге кабылышына башка дагы себептер болушу мүмкүн. Жергиликтүү сайттарда жакында тараган видео Нилюфар бутуна тура албаган, мас абалында сөгүнүп жүргөнүн көрсөтөт.

Бир жыл мурда эле Гүлнара Каримова ырчы, зер буюмдарын жасаган дизайнер, кайрымдуулук иштерин дүркүрөтө уюштурган коомдук ишмер катары таанымал эле. Өткөн күздөн тарта бийлик тараптан кысымга кабылып, маалымат империясы, ондогон кымбат дүкөн жана башка жайлары жабылып, өзү гана эмес, досторунун бизнеси кыйроого учурап жаткан кез. Алардын көптөрүнө салыктан качкан, мыйзамсыз финансы иштерин жасаган деген олуттуу айыптар тагылган.

Ошондой эле Гүлнара Каримова Батышта дагы коорупциялык иштерге тиешеси бар деп шектелип, Швейцарияда, Голландия, Швецияда атайын кылмыш иликтөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG