Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Сөз жоопкерчилиги боюнча мыйзамга кайра добуш берүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов "кылмыш жасаган" деп жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорго кайрадан добуш берүүнү сунуштады. Анын айтымында, көпчүлүк депутаттар байкоосуздан “макул” деген добуш берген. Учурда 12 депутат кайра добуш берүүгө макулдугун берди.

Бирок парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров бул мыйзам долбооруна 86 депутат колдоп добуш бергенин, 12 депутат добушун кайра алса деле эч нерсе өзгөрбөй турганын айтып чыкты.

Депутат Эристина Кочкарова баштаган бир нече депутат иштеп чыккан мыйзам долбоорго ылайык "Кылмыш-жаза кодексине" өзгөртүү киргизилип, кылмыш жасады деп жалган маалымат тараткан журналистти бир жылга чейин камоо каралган. Бирок бул демилгени журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү сөз эркиндигин кысмакка алуу деп баалап, каршы чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG