Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Паракорлукка шектелген судьяны жоопко тартууга уруксат берилди


Кыргызстандын Соттор кеңеши "пара алды" деген шек менен кармалган Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясын жоопко тартууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган кеңештен кабарлашты. Маалыматка ылайык, судья быйыл жыл башында мас абалында машина айдап кармалган кишинин ишин "бүтүрүп берем" деген убада менен андан 6,5 миң сом талап кылган. Иш бөлмөсүнөн кармалган судьянын чөнтөгүнөн белги коюлган пара акчадан тышкары 18 миң 500 сом жана 200 доллар табылган. Окуя боюнча кылмыш иш козголгон болчу.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кылмышка шектүү судьяны Соттор кеңешинин уруксаты менен гана камакка алууга болот.(BkA)

XS
SM
MD
LG