Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Каптагаев саруулуктар менен жолукту


Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Жети-Өгүздүн Саруу айылына барды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Каптагаев Кумтөр боюнча башаламандыкка катышкандардын жакындары, айыл тургундары менен жолукту. Саруулуктар мындан ары мыйзамсыз акцияларга жол бербей турганын билдиришти. Облус башчысы Сарууга былтыр Караколдо аны аталган айылдын тургундары барымтага алуу аракетин жасагандан бери бара элек болчу.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан бери митингдерди уюштуруп келген. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облус башчысын автоунаага камап коюу менен коштолгон. Учурда бул окуяларга катышкан 7 адам камакта.(BkA)

XS
SM
MD
LG