Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун жээнине ок атылып, жараат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” атын атагысы келбеген Мырзакматовдун туугандары билдирди. Алар кол салууга криминал аралашкан болушу ыктымалдыгын айтышууда. Маалыматка ылайык, бүгүн түштөн кийин белгисиз адамдар Оштогу үйүнөн атып кеткен. Ага учурда ооруканада операция жасалууда.
Бул маалыматты облустук милиция расмий тастыктады.
Бул маалыматты облустук милиция расмий тастыктады.