Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Советбек Байгазиевге "Руханият" сыйлыгы тапшырылды


Белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Советбек Байгазиев "Руханият" сыйлыгынын ээси болду. Көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн татыган бул сыйлыкты тапшыруу салтанаты бүгүн Бишкекте өттү. №5 гимназияда атайын уюштурулган иш-чарада Байгазиевдин жаңы китебинин бет ачары да болду. Китеп "Манас" эпосунун руханий, адептик-философиялык, патриоттук улуу дөөлөттөрү жана педагогикалык асыл-нарктары" деп аталат.

Советбек Байгазиев педагогика багытындагы ар бири 500 беттен кем болбогон 19 китептин автору. (RK)

XS
SM
MD
LG