Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

ЭВФ: Орусия экономикасы рецессияга түштү


Эл аралык валюта корунун Орусиядагы миссиясынын башчысы Антонио Спилимбергонун 30-апрелде Москвада маалымат жыйынында билдирүүсүнө караганда, орус экономикасы капиталдын сыртка агып кетүүсүнөн жабыр тартууда. Эл аралык валюта кору орус экономикасы быйылкы жылы 1.3% өсөрүн болжоп жаткан, эми ал 0.2% гана өсөрүн күтүүдө. Ал эми сыртка агылган капиталдын көлөмү быйыл 100 млрд. долларга жетет. Спилимберго Украина жана Крымга байланыштуу Орусияга киргизилген санкциялар экономикага терс таасирин тийгизе баштады деп эсептейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG