Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

АКШда орус фирмаларына санкция киргизүүчү мыйзам долбоору даярдалды


Республикачыл 20 сенатор колдогон мыйзам долбоору Конгресске 30-апрелде сунуш кылынды.

Ага ылайык, Орусиянын мамлекеттик “Газпром”, “Роснефть”, Рособоронэкспорт компанияларына, Сбербанк, ВТВ, ВЕБ, Газпромбанк өңдүү ири каржы мекемелерине каршы санкция киргизилүүсү керек.

Мындай чара Орусиянын Украинадагы аракеттеринен улам сунуш кылынууда.

Мыйзам долбоору ошондой эле АКШ президентине Украинага 100 миллион доллар өлчөмүндө тикелей аскерий жардам көргөзүүсүнө укук берет.

Долбоор мыйзамдык күчкө ээ болуш үчүн демократтар үстөмдүк кылган Сенаттын өзүнөн өтүп жана президент Обама тарабынан жактырылуусу абзел.

Бул мыйзамдык демилге Обама администрациясынын ушул аптадагы жарыясы артынан чыкты.

Обама администрациясы орус бийлигине каршы санкциялардын экинчи айлампасында АКШ визасы берилбей турган жана активдери тоңдурулуучу расмий өкүлдөрдүн санын көбөйткөн болчу. ( UE)

XS
SM
MD
LG