Отуздан ашуун киши Профсоюздар үйүндөгү өрттөн каза тапканын Батыш, Орусия жана Украинанын маалымат агенттиктери билдирүүдө.
Кээ бир маалымат агенттиктери полицияга шилтеме жасап, кеминде 38 кишинин өмүрү кыйылганын, алардын жарымынан көбү өрттөн качып, өйдөңкү кабаттардан секиргенде мерт болушканын кабарлашты.
Имараттын ичинде орусиячыл жикчилдер жүргөн. Украинанын UNIAN кабар агенттиги билдиргендей, орусиячыл жикчилдер имараттын чатырынан Киевдеги өкмөттү колдогондорду көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды аткылашкан.
Өзү жума күнү түштөн кийин Одессанын ар кайсы аймактарында эки жаатташкан топтун ортосунда кагылышуулар болгон эле. Алардан кеминде 50дөй киши жаракат алган. (UE)