Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Одессада полициянын имаратына чабуул жасалды


Бүгүн жүздөгөн орусиячыл сепаратисттер Украинанын чыгышындагы Одесса шаарында полициянын кеңсесине чабуул коюшту. Алар бул шаарда 2-майдагы атышууларда 40тан ашуун киши өлгөндөн кийин камалган жолдошторун полиция бошотушун талап кылышты. Алар имараттын дарбазасын ургулап, терезелерин сындырышты. Полиция аларды киргизбегенге аракет кылып жатты.

2-майда Одессада профсоюздар үйүндөгү өрт кагылыштардан кийин башталган. Көп адамдар өрттөн набыт болушкан эле. Полиция ал күнкү окуяларда ондогон кишини камаганын кабарлаган.

Одессага бүгүн премьер-министр Арсений Яценюк барып, азыр зомбулуктун баарын Орусия башкарып турат деп күнөөлөдү. Ал жума күнкү өрттө адамдарды өлүмдөн куткара алышпаганы үчүн өлкөнүн коопсуздук кызматтарын айыптады.

XS
SM
MD
LG