Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Путин менен Меркел Украина кризисин талкуулады


Орусия президенти Владимир Путин менен Германия канцлери Ангела Меркел жекшембиде телефон аркылуу Украина кризисин талкуулашты. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Меркел айым Чыгыш Украинада барымтага түшкөн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларын бошотууга кошкон салымы үчүн Москвага ыраазычылыгын айтты.

Эки мамлекет лидерлеринин негизги баарлашуу темасы Украинаны орус газы менен камсыздоо жаатында болду. 2-май күнү Варшавада өткөн Украина, Орусия жана Евробиримдиктин өкмөттөр аралык кеңешмесинде да бул маселе көтөрүлгөн эле.

Телефон сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ылайык, орус тарап майдын соңуна чейин Украинаны жана айрым Еврошаркет мамлекеттерин газ менен үзгүлтүксүз камсыздоого кепилдик берди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG