Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Түркмөн президенти Дүйшөмбүдө жүрөт


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 5-майда Дүйшөмбүгө эки күндүк сапарга келди. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, эки мамлекеттин лидерлери Тажикстандын энергетика, транспорт жана башка стратегиялык тармактарына Түркмөнстандын инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Ооганстан аркылуу эки өлкөнү туташтырган темир жолдун долбоорун талкуулашат.

Лидерлер НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин региондогу коопсуздукту камсыздоо маселесин да сүйлөшөт. Бул, “Азаттык” радиосунун тажик бөлүмүнүн маалымдашынча, Бердымухамедовдун 2010-жылдан бери Тажикстанга биринчи келиши.

XS
SM
MD
LG