Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Украин аскерлери Словянскиде төрт аскерин жоготту


Словянск шаарынын атарабындагы куралдуу кагылыштарда Украин армиясы төрт аскеринен ажырады. Бул жөнүндө Украинанын ички иштер министрлиги маалымдады. Орусиячыл согушчандар адамдарды тирүү калкан катары пайдаланууда жана аскерлерге үйлөрдөн ок атууда. Кээ бир үйлөр өрттөнүүдө, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү Марина Остапенко Киведеги маалымат жыйынында Чыгыш Украинадагы абалды мындай сүрөттөдү:

- Орусиячыл күчтөр активдүүлүгү төмөндөбөй жатат. Жагдай өтө катаал. Жикчилдер Украинанын чыгышындагы абалды бейстабилдештирүүгө багытталган аракеттерин күчөтүүдө.

Марина Остапенко ошондой эле Крымдан Словянскиге жикчилдерге жардамга 150 казак орус келди деген маалымат бар экенин да айтты.

XS
SM
MD
LG