Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Көчөдө калган кичинекей Махабаттын туугандары табылды


Өткөн жумада Бишкекте энеси калтырып кеткен 7-8 жаштагы Махабат тууралуу “Азаттыкка” чыккандан кийин кызды жакындары таанып, атасынын бир туугандарына кабарлашкан. Атасынын агасы бүгүн Бишкектеги балдардын реабилитациялык борборунда Махабатка жолугуп кетти. Кабарчыбыздын айтуусунда кыз аларды тааныды, эми атасы тийиштүү документтерин апкелип, аны алып кетмей болууда. Махабаттын атасынын аты Максат, Жумгал районунун Сары-Камыш айылында жашары да аныкталды.

Махабатты апасы өткөн аптада Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жээгиндеги кафелердин биринин жанына “азыр келем” деп калтырып кеткен боюнча кайрылган эмес. Кеч кирип бара жатканда кафенин кызматкерлери милиция чакырып, кызды тапшырган. Милиция Махабатты Бишкектеги кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборуна өткөрүп берген. Махабатты калтырып кеткен энесинен азырынча дайын жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG