Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Борбор Азияга өзөктүк курал колдонбоо кепилдиги берилди


Өзөктүк куралы бар беш өлкө Борбор Азия боюнча кепилдик келишимин кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 6-майда Нью-Йоркто өзөктүк куралга ээ беш мамлекет - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция Борбор Азиянын өзөктүк куралга каршы статусун урматтоо, аларга карата мындай курал колдонуп же коркутпоо кепилдигин берген протоколго кол койду.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан 2006-жылы өзүлөрүн "өзөктүк куралдан тыш аймак" деп атаган макулдашуу кабыл алган болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG