Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Чек ара жаңжалынан 17 кыргызстандык жараат алды


Баткендин Жака-Өрүк айылындагы чек ара жаңжалынан 17 кыргызстандык жараат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Анарбек Алимахунов кабарлады. Маалыматка ылайык, жараат алгандардын сегизи Баткен облустук ооруканасына жаткырылып, сегиз адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Абалы оор бир адам учак менен Бишкекке алынып келинди.

Жарадарларга жардам көрсөтүү үчүн Баткенге Ош облусунан дарыгерлер тобу жөнөтүлдү.

Буга чейин Тажикстан 7-майдагы жаңжалдан 8 тажик жараны жараат алып, Исфара шаардык ооруканасына жаткырылганын кабарлаган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG