Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Путин: 9-Май Улуттук триумф күнү


Москвада Кызыл аянтта Экинчи Дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын талкаланышынын 69 жылдыгына арналган Жеңиш салтанаты болду. Президент Путин арноо сөзүндө орус элинин күчтүү эрки жана кажыбас кайраты Европаны кулчулуктан сактап калганын айтып:

- Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан бери 69 жыл өттү. Бирок 9-май биздин эң чоң майрамыбыз болгон жана боло бермекчи. Бул улуттук салтанаттын(триумфтун), улуттук сыймыктын күнү, аза күтүү жана түбөлүк эскерүү күнү, - деди.

Кызыл аянттагы парадга 11 миңдей аскер, 151 даана согуштук техника, анын ичинде ондогон танктар, 69 учак жана тик учак катышты. Парадда биринчи жолу “Тор-М2У” зениттик-ракеталык жана “Хризантема-С” танкка каршы ракета системасы, мыкты чопкутталган "Тайфун-2" автомобилдери көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG