Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Кадамжайда Шаймерденге кеткен жол ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен ОИИБинин маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди. Бүгүн Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын 20 чакты тургуну Өзбекстандын Шаймерден анклавына кеткен жолду буушкан. Алар жол тосуу менен өткөн аптада Өзбекстанга өтүп бара жаткан жеринен кармалган айылдын тургуну Кубанычбек Эралиевди бошотууну талап кылышты. Эралиев учурда коңшу өлкөнүн Фергана шаарында кармалып турганы белгилүү болду.

Жол тоскондор менен Кадамжай районунун акими менен ички иштер бөлүмүнүн башчысы жолугушту. Алар "чек араны бузду" деп кармалган жарандын ишин кошуна өлкөнүн соту чечээрин айтып, сот чечими чыкканга чейин сабыр кылып турууга чакырган соң жол тоскондор тарап кетишти. (BkA)

XS
SM
MD
LG