Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Чыгыш Украинада эки облуста референдум өткөнү кабарланды


Жикчилдердин маалымдоосуна караганда, Донецк облусунда референдумга шайлоочулардын 75% катышып, алардын 90% өзүн-өзү башкарууну жактап добуш беришти. Луганск облусунда да ушундай эле референдум өттү. Донецк облусунун тургуну Аркадий:

-Баары кандай добуш берсе, ошондой добуш бердим. Украинадан бөлүнүү, алар бизди башкарып, таңуулабаш үчүн, бул жакка бандиттерди жөнөтпөш үчүн добуш бердим.

Референдумду расмий Киев жана Батыш мыйзамсыз деп атады. Донецкидеги жикчилдердин лидери Денис Пушилиндин билдирүүсүнө караганда, эмки кадам мамлекеттик органдарды жана күч структураларын түзүү болуп саналат. Өзүн “элдик губернатор” деп жарыялаган Павел Губарев референдум Украинанын түштүк-чыгышында “жаңы Орусияны” түзүү багытындагы биринчи кадам болуп каларын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG