Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Жалал-Абадда майыптар уюштурган концертке эл келбеди


Жалал-Абадда майыптардын концертине эч ким келбей койгондуктан бүгүн уюштуруучулар мэриянын жанына топтолуп, нааразылыгын билдирди. Алар концерт шаар бийлиги тарабынан уюштуруу иштери жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу болбой калганын белгилешти.

"Асыл ой" майыптар уюмунун төрайымы Жумакан Жаркулованын айтымында, 12-майга белгиленген маданий иш-чарада Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата аймактагы майыптар элге ыр-бий тартууламак. Барпы театрында өтө турган концертке көрүүчү тартуу жагын мэрия моюнуна алган. Бирок эч ким келген эмес.

Шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева уюштуруу иштерин колго алганы менен май айындагы майрамдарга байланыштуу көрүүчүлөр келбей калганын айтты. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG