Машинелерге коюлган бомбалардын 13-майдагы жардырууларынан кеминде 34 киши набыт болду. Жардыруулар шииттер ыйык туткан Имам Алинин туулган күнүнө карата жасалган. Багдаддын Садр-Сити аймагында тогуз машине жардырылган. Чабуулдар полиция бекеттерине жана шииттердин мүлк, ишканаларына каршы багытталган. (AiT)