Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Венада Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү башталды


14-майда башталган сүйлөшүү 16-майга чейин созулат. Үч күндүн ичинде тараптар Ирандын ядролук маселеси боюнча узак мөөнөттүк келишимди иштеп чыгууга аракет жасайт. Сүйлөшүү АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Германия, Франция жана Ирандын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүүдө. Өткөн жылы ноябрь айында Женевада жетишилген убактылуу келишимдин мөөнөтү 20-июлда соңуна чыгат.

Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Майкл Манн башталган сүйлөшүүлөр өтө татаал болорун билдирди.

Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук программасы курал жасоого багытталган десе, Иран аны четке кагып, тынчтык багытта экенин айтып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG