Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Түркияда шахта кырсыгынан кийин иш таштоо жарыяланды


Түркиянын эң ири кесиптик кошууну бүгүн өлкөнүн тарыхындагы эң каргашалуу шахта кырсыгына байланыштуу иш таштоо жарыялады. Бийлик кырсыктан набыт болгондордун саны көбөйүп, 282ге жеткенин билдирди.

Жер астында кала берип жаткан 120 чакты шахтерду куткаруу мүмкүн болоорунан күмөн саноо өскөн сайын коомчулукта нааразылык күч алууда. Курман болгондордун жакындарына көмөк көрсөтүү үчүн психиатрлардын атайын топтору түзүлүүдө. Куткаруу иштери уланып жатат.

Кечээ өлкөнүн батышындагы Сома шаарындагы кырсык жайына келген өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоганды нааразылар машинасын тепкилеп, анын иштен кетишин талап кылышты. Анкарада ушул эле талап менен көчөгө чыккандарды таркатууда полиция ачуу газ, суу замбирегин колдонду.

XS
SM
MD
LG