Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Шаардык сот Түлеевдин ишин 23-майда карайт


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин соту Бишкек шаардык сотунда 23-майда уланат. Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү белгиленген жараян Түлеев менен бирге айыпталып жаткан мэрия кызматкерлеринин биринин адвокатынын өтүнүчү менен 23-майга калтырылды.

Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат макул болбой, шаардык сотко арызданган. Учурда Түлеевдин арызы ошол жакта каралууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG