Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Чоротегин: Токтогул тууралуу жаңы маалыматтар табылды


Бүгүн, 17-майда Улуттук филармонияда кыргыздын демократ акыны Токтогул Сатылгановду эскерген илимий конференция өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” конференция катышуучуларынын бири, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин кабарлады.

Анда Токтогулдун өмүр жолу тууралуу буга чейин белгилүү болбогон жаңы маалыматтар, архивдик документтер, Токтогулдун замандаштары жазган эскерүү кол жазмалар ортого коюлууда.

Конференцияга Омор Сооронов, Ташмамбет Кененсариев, Сагыналы Субаналиев, Кыяс Молдокасымов, Арслан Капай уулу ж.б. окумуштуу, тарыхчылар катышууда.

Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүрөт. Быйыл Кыргызстанда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленет. (МТо)

XS
SM
MD
LG