Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Оторбаев: Жергиликтүү кенчилерди көбөйтүү керек


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорундагы иш-сапарында кен казуучу компанияларга жергиликтүү элден жумушчу күчүн көбөйтүү талабын койду.

- Бозумчакта 97% жергиликтүүлөр иштешет экен. Ал эми Иштамбердиде 70%. Муну жок дегенде 90% көтөрүү керек. Жергиликтүүлөрдүн арасынан адистерди окутуп чыгаруу зарыл, - деди Оторбаев.

Премьер Бозумчак, Иштамберди жана Терек-Сай кен компанияларын кыдырды.
Ал эми жергиликтүү кенчилер казылган кендер концентрат түрүндө сыртка ташылып, аны менен уруксат берилген кенден башка да баалуу заттар кошо чыгып кетип жатканын, ошон үчүн кен иштетүүчү ишкананы жеринде ачуу сунушун айтышты. Премьер анын чечилиши кыйын экендигин, маселе каражатка такаларын белгиледи.

Ошондой эле кен компанияларына лицензия берүүдө жергиликтүү бийликти катыштыруу сунушу айтылды. Премьер айрым маселелерди борбордон кеңешип анан чечерин билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG