Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Кытай Вьетнамдан жарандарын көчүрүп кетүүдө


Ханойдогу тополоңдордон кийин Кытай үч миңдей жаранын эвакуациялады. Вьетнамдагы кытайларга каршы толкундоолор ушул айдын башында Бээжин Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аймакта мунай өндүрүүчү платформа жайгаштыргандан кийин башталган. Тополоңдо 2 кытай жараны каза таап, жүзгө жакыны жарадар болгон эле.

Кытай Вьетнамдын жээгине өз жарандарын көчүрүп кетүүнү тездетүү үчүн 5 кеме жөнөттү. Бүгүн Вьетнам бийликтери Ханойдогу кытайларга каршы акцияларды токтотууну талап кылды. Полиция Кытай элчилигинин алдында чогулган элди жана журналисттерди таркатты.

XS
SM
MD
LG