Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Кытайда камалган кыргызстандыктар кайтарылат


Президент Алмазбек Атамбаев жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү боюнча декларацияга кол койду. Мамлекет башчылар бүгүн Кытайда жолугушту.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылаев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү тууралуу келишим ратификацияланганын протокол менен бекитишти.

Жалпысынан бүгүнкү жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу жети документке кол коюлду. Арасында Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоп-түзөө боюнча Кытай өкмөтү тарабынан кайтарымсыз каражат бөлүү тууралуу меморандум да бар.

Кытай Кыргызстандын Орусиядан кийинки эле эң негизги соода өнөктөшү.

Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы Кытайга 17-майда барган.

21-май күнү Атамбаев Шанхай шаарында Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу боюнча Кеңешменин 4-cаммитине катышат. (VD\SE)

XS
SM
MD
LG