Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Кыргызстан - Кытай: Биргелешкен декларацияга кол коюлду


Алмазбек Атамбаев жана Си Цзинпин. 18-май, 2014-жыл. Шанхай.
Алмазбек Атамбаев жана Си Цзинпин. 18-май, 2014-жыл. Шанхай.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин 18-май күнү Шанхайда кол койгон Биргелешкен декларацияда эки өлкө бири-биринин эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө зыян келтире турган эч кандай блок же эл аралык уюмдарга кошулбай турганы айтылат. Кыргызстан Кытайдын өкмөтүн жалгыз мыйзамдуу бийлик катары, Тайван Кытай Эл Республикасынын ажырагыс бөлүгү экенин тааныйт. Эки тарап эл аралык маселелерде тең укуктуулук принцибин карманып, күч колдонуу, ар кандай үстөмдүк жана экспансияны жактабайт.

Биргелешкен декларацияда "Кыргызстан - Кытай" газ куурунун курулушун ишке ашыруу жаатында узак мөөнөткө коопсуз шарттарда иштей турган туруктуу газ системасын кепилдей турган механизм түзүлөөрү камтылган.

Кытайда 18-май күнкү болгон жолугушууда 7 документке кол коюлду. Арасында Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоп-түзөөгө кытай өкмөтү тарабынан кайтарымсыз каражат бөлүү тууралуу меморандум да бар.

Андан сырткары тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү тууралуу келишим ратификацияланганын протокол менен бекитишти.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Кытайга 17-майда барган.

21-май күнү президент Шанхай шаарында Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 4-cаммитине катышат.

XS
SM
MD
LG