Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Маликинин блогу Ирактагы шайлоодо мыкты чыкты


Ирактагы парламенттик шайлоодо премьер-министр Нури ал-Малики башындагы коалиция чоң ийгиликке жетти. Көз карандысыз жогорку шайлоо комиссиясы 19-майда жарыялаган маалымат боюнча, Малики башындагы Мыйзамдуу мамлекет блогу 328 орундуу парламентте 92 мандатка ээ болду.

Бул 2011-жылы америкалык аскерлер Ирактан чыгып кеткенден берки биринчи парламенттик шайлоо. Шиит диниятчысы Муктада ас-Садрчылар 28 мандат, дагы бир бараандуу шиит диниятчысы Аммар ал-Хакимдин тарапкерлери 29 мандат алышты. Малики жаңы өкмөттү куруу үчүн башка партиялар менен коалицияга барыш керек. Серепчилердин боолгошунча, жаңы өкмөттү куруу бир нече айга созулат.

XS
SM
MD
LG