Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Оторбаев: Газ боюнча Өзбекстан сөзгө келбей жатат


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын түштүгүнө газды жандантуу боюнча өзбек тарап сөзгө келбейт жатат:

- Газ боюнча өкмөт толук жоопкерчиликти алат. Бул багытта Өзбекстанга бир нече кат жазып, телефон чалдык. Тилекке каршы, бул кайрылууларга өзбек өкмөтү да, “Узтрансгаз” ишканасы да жооп бербей жатат. Бул боюнча учурда “Газпром” ишканасы да иштеп жатат - деп билдирди Оторбаев.

Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок. Өзбек тарап муну газ берүү келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштырган. 15-майда Ош шаардык кеңештин депутаттары өкмөткө кайрылып, газ маселесин чечүүнү тездетүүнү суранган. Депутаттар газдын жоктугу электр тармагына күч келтирип, элди кыйынчылыктарга туш кылып жатканын билдирген. “Кыргызгаз” ишканасы 10-апрелде Орусиянын “Газпромуна” 1 долларга сатылган. Мамлекет жетекчилиги ишкананын сатылышын кыргызстандыктарды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз жабдуу максатында деп түшүндүрүп келген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG