Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Жарандык коом жол картасына кол койбоого чакырды


Кыргызстандагы мамлекеттик органдардагы Байкоо кеңеш мүчөлөрү жана бир катар жарандык активисттер өкмөттү Бажы биримдигине Кыргызстан кошулгандан кийинки оң-терс жактары боюнча анализ өткөрмөйүнчө жол картага кол койбоого чакырды.

Бул тууралуу алар бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда жарандык активисттер өкмөт Кыргызстан Бажы биримдигине кошулгандан кийинки кесепеттери тууралуу кеңири маалымат бербей жатканына нааразы болушууда. Мындан улам жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча жол картага кол коюуну токтотууга үндөп жатат.

Кыргыз өкмөтү 12-майда Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын кабыл алган. Аны кийинчерээк Евразия экономикалык комиссиясы жактырган. Кечээ бул боюнча Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өткөн. Эми документ Жогорку Кеңештин тиешелүү эки комитетинин кароосунан өтүшү керек.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана шаарында өтчү саммитинде кол коюларын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG