Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Европа парламентине шайлоо башталды


Бүгүн Европа парламентине шайлоо башталды. Биринчилерден болуп Голландия жана Британияда добушканалар ачылды. 400 миллиондой шайлоочу 4 күндүн ичинде 751 депутатты шайлашат.

Евробиримдикке кирген 28 өлкөнүн ар бирине калкына жараша орун бөлүнгөн.
Эң көп мандат Германия (96), Франция (74), Британия жана Италияга (73) тиет. Ал эми Кипр, Мальта, Эстония жана Люксембургдун 6дан депутаты бар.

2009-жылы Лиссабон келишими күчүнө киргенден бери парламенттин Европа комиссиясынын төрагасын тандоодо ыйгарымдары кеңейген. Андыктан бул жолку шайлоого көбүрөөк маани берилүүдө. Депутаттар 5 жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG