Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Обама күтүүсүздөн эле Ооганстанга учуп барды


Президент Барак Обама Ооганстанда кызмат кылган америкалык аскерлерден кабар алганы барды. Обама 25-майда Кабылдын ныптасындагы Баграм аэродромуна Вашингтондон АКШнын аба күчтөрүнүн учагы менен учуп келгени жана Баграмда көпкө кармалбасы маалымдалды. АКШлык ырасмий булактардын айтымында, Барак Обамада шайлоо жараянынан алыс болуу үчүн бийлик мөөнөтү аяктап жаткан президент Хамид Карзай менен жолугуу планы жок. Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 14-июнда болот.

Обама Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин ооган аскерлерин машыктыруу жана контртеррордук операцияларды өткөрүү үчүн өлкөдө аз сандагы аскерлерди калтырууну ойлонуштурууда. Карзай АКШлык аскерлердин калуусуна мүмкүндүк берчү эки өлкө аралык коопсуздук келишимине кол коюудан баш тартып койгон. Мындай келишимге кол коюга даяр экенин Карзайдын ордуна ат салышып жаткан талапкерлер билдирген.

XS
SM
MD
LG